5-июль күнү  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМдин башчысы, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоонун бардык жагдайларына токтолду.  Шайлоого даярдануу учурунда мыйзамдуулукту сактоону, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоону, коомдук тартипти сактоону, шайлоо тилкелеринде шаймандары менен кайтарууга алууну, шайлоо тилкелеринде шайлоо бюллетендерин жеткирүү коопсуздугун бекем сактоону да тапшырды. Ал ошондой эле шайлоодо добуш сатып алууну, административдик ресурсту колдонууну жана шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алып жана ага бөгөт коюу максатында иш-чараларды колго алууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүүнү дагы тапшырды.

Ошондой эле министр  сегиз тапшырма берди. Алар: Жарандарга сервистик кызмат кылуунун сапатын жогорулатуу,  милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердиги биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып, жарандарга мамиле кылуунун сапатына көңүл бурулсун. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларына күчөтүлгөн негизде көңүл бурулуп, жол кырсыктарынын алдын алуу багытында пропаганда иштери күчөтүлсүн. Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан туристтерге сылык мамиле жасап, себепсиз токтотуудан, туристтик аймактарда алдын алуу боюнча кайгуул кызматтары натыйжалуу иштерди алып барсын. Жергиликтүү бийлик органдары, медицина, өзгөчө кырдаал кызматтары менен бирге эл арасында эпидемиологиялык абалдын курчушуна түрткү болгон жагдайларга, адамдардын саламаттыгына көңүл кош мамилеге бөгөт коюу боюнча эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен түшүндүрүү иштери алып барылсын. Коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү  иштеринин солгундап кетишине жол бербөө максатында кызматкерлердин беткап тагынып жүрүшүнө, санитардык нормаларды так сактоолоруна   ар бир жетекчи тарабынан катуу көзөмөлгө алынсын. Кызматкерлер арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмдөөдөн өткөрүү иштери уюштурулсун. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда жана шайлоого чейинки үгүт иштеринде  укук бузууларга бөгөт коюу, аныкталган мыйзам бузууларга катуу чаралары көрүлсүн. Андан тышкары кызматкерлердин саясатка жана шайлоого аралашуусуна  жол берилбесин.

“Азыркы учурда мындан ары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин  үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн баарыбыз  биргеликте илдетти толук түрдө көзөмөлгө алып, элибизди толук сактаганга колубуздан келген бардык аракеттерди көрөлү. Ал үчүн ар бир кызматкер өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн саламаттыгына кайдигер карабай эмдөөдөн өтүп, жүктөлгөн иштерди так аткарсуусу зарыл. Коомдук жайларда көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде биздин жарандарыбызга жана  эс алууга келген чет элдик жарандарга сылык мамиле жасап, чараларды жеринде ишке ашырып, сервистик тейлөөнү жана милициясынын жаңы баскычтагы  аткарылып жаткан иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалпы элге көргөзүүү учурдун талабы. Андан тышкары Бишкек, Ош,  Токмок шаарларында өтө турган шайлоолордо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти сактап, одоно мыйзам бузууларга жол берилбей, элдик коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздалышы керек”, -деди Улан Ниязбеков.

Учурда шайлоону таза жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМ менен БШКнын кызматкерлери координациялык топто ишмердүүлүгүн башташты.

Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып, аны аткаруу боюнча иш -мерчемдер белгиленди.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы