Ысык-Көл облусунун Каракол шаары Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө ачык эс алуу жана тоодо сейилдөө боюнча эң популярдуу 10 аймактын катарына кирди. Бул тууралуу 2019-жылы «ТурСтат» агенттигинин аналитиктеринин отчетунда белгиленген.

Ошол эле жылдын май айында Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын базасында туристтик милиция взводу уюшулуп, учурда анын карамагында 22 кызматкер кызмат өтөп келишүүдө. Туристтик милициянын кызматкерлери Каракол шаарында гана эмес, туризм тармагы өнүгүп жаткан облустун башка аймактарында дагы кызмат өтөшүүдө.

Туристтик милициянын негизги милдети — биздин өлкөбүздүн уникалдуу жаратылышыбыз менен жакындан таанып-билүүнү каалаган чет мамлекеттик туристтердин эс алуусу үчүн коопсуз шарттарды түзүү болуп эсептелет. Туристтик милициянын сылык кызматкерлери, котормочулардын жана гиддердин жардамы жок эле, туристтерге керектүү объекттилерди табууга жана керектүү маршруткага жетүүгө жардам беришет. Эгер күтүлбөгөн кырдаал келип чыкса, анда тез арада облустун ички иштер органынын керектүү кызматтарына кайрылышат.

Алып айтсак, Ысык-Көл облусунун туристтик милициясы түзүлгөндөн баштап, анын кызматкерлери чет элдик туристтерге 150дөн ашуун ар кандай жардамдарды көрсөтүшкөн жана 40ка жакын кылмыштардын, жоруктардын бетин ачууга жетишишкен.

Бүгүнкү күндө, популярдуу туристтик маршруттар, автобекеттер, аэропорттор,  туристтер эң көп топтолгон жерлер, туристтик милиция тарабынан ар дайым көзөмөлдөнүп турат. Учурда, туристтик милиция – облустун чыныгы жүзү болуп калууда. Ошондуктан, аталган кызматтын милиция кызматкерлеринин сырткы келбети өзгөчө орунду ээлейт.

Быйыл Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы, аталган кызматынын милиция кызматкерлерин жаңы үлгүдөгү атайын формалар менен камсыздай баштады. Форманы иштеп чыгууда биринчи кезекте сырткы көрүнүшүнө көңүл бурулган, ошол эле учурда анын ыңгайлуулугу жана заманбап дизайны көз жаздымда калган эмес. Мындан тышкары, башка аспекттер дагы эске алынды: кызматкерлердин иш-аракеттеринин өзгөчөлүктөрү, климаттык шарттары жана заманбаптыгы.

Сылык жылмайуу, жарашыктуу көрүнүш жана кырдаалга ыкчам жооп кайтаруу — Ысык-Көл облусунун туристтик милициясынын ийгилигинин негизги факторлору. Ал эми коопсуз саякат — бул туруктуулуктун кепилдиги, ошондой эле өлкөнүн позитивдүү имиджи.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы