Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев «Бейнеге сүртүмдөр. Лидер» даректүү тасмасында эгемендик алган 30 жыл ичинде Кыргызстанда эч нерсе жасалбаганын билдирди.

Ал маегинде Казакстан Батыштагы демократияга умтуларын айтып, бирок азыр алар демократия жолунун башында экенин белгиледи.

-«Демократиянын аралы… Кыргызстан. Бизге боордош, жакын эл. Ушул 30 жыл аралыгында Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы?! Ар бир президентти колдоп, бул жакка чакырдым. Акча, насыя берүүнү сунуштадык. Бирок эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика жашоонун негизи», — деди ал.