Бүгүн, 5-июлда «Билимдар» долбоорунун алкагында мугалимдер арасында өткөрүлгөн республикалык китеп окуу сынагы жыйынтыкталды. Сынак педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов түзгөн «Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» китебинин негизинде уюштурулган.

«Билимдар» долбоору – билим берүүгө жана тарбиялоого арналган социалдык долбоор. Ал 2021-жылдын башында «Дем Бер!» кыймылы тарабынан уюштурулган.

Сынактын уюштуруучусу Булутбек Имаров конкурстун максаты – мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу экенин айтты.

«Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» китебине таасирленген мугалимдердин өз ара конкурс, семинар-тренинг жана башка иш-чараларды өткөргөндөрү болду. Райондук билим берүү бөлүмдөрү да семинарларды өткөрүштү. Бул китепти окуган ар бир мугалим, китеп боюнча жакшы пикирлерин айтып, «мугалим үчүн табылгыс белек» экенин белгилешти. Ал тургай, педагогикалык окуу жайдын студенттерине окутуу үчүн сунуштаган кесиптештер да кездешти», — деди Имаров.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө автоунаа, ноутбук, смартфон жана 30 мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо коюлган. Өлкөнүн бардык аймагынан бул китепти 4 миңден ашык мугалим окуп, анын 1550сү сынакка катышты: шарт боюнча китептин негизинде түзүлгөн тестти онлайн тапшырышты.

Сынактын жыйынтыгы 2021-жылдын 31-майында чыгып, 36 мугалим байгелүү орунга ээ болду.

Ал эми, баш байгени, тактап айтканда, автоунааны Лейлек районунун Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебинин 22 жаштагы мугалими Майрамгүл Орозбай кызы утуп алды. Көптөн бери унааны самап жүргөн жеңүүчү биринчи укканда ишенбей, аябай кубанганын айтып берди.

«Бизде унаа жок болчу. Көптөн бери каалап, акча чогултуп жүргөнбүз. Биринчи укканда ишенбей, шок болдум. Абдан сүйүнүп, кубандым. Бул сынакка февралдан бери даярданып жүргөм. Буга чейин да ушул долбоордун алкагында биринчи сыноо тестин тапшырганбыз, анда да биринчи орунга ээ болгом. Уюштуруучуларга ушундай чоң жана жакшы мүмкүнчүлүккө чексиз ыраазычылыгымды билдирем», — деди Орозбай кызы.

Байгелер бүгүн, 5-июлда Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында тапшырылды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, окутуучу-профессорлор жана башка меймандар катышып, жеңүүчүлөрдү куттукташты.

Ысык-Көлгө жолдомо уткан мугалимдер 6-11-июль күндөрү көл жээгинде эс алышат. Алар үчүн 72 сааттык окуу курсу өтүлөт. Анын жыйынтыгы менен кесиптик чеберчилигин жогорулаткандыгы жөнүндө сертификат берилет.

Ал эми башка алты жеңүүчүгө баалуу белектер тапшырылды.

Булак: «Марал» радиосу