Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучуга эсептелип, ал эми 300 окуучуга чейин окутууну камсыз кылат.

Жаңы мектепте окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, эмгек, физика жана информатика класстары түзүлгөн. Ошондой эле, мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттар, жабдуулар жана эмеректер каралган.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, сметалык наркысы 690 миң 063 АКШ долларын түзгѳн.