Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирди, — деп маалымдайт Haberler.

«Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптуусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз», — деген Эрдоган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Сапат» билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялаган.