UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 3-август күнү келет. Бул тууралуу бир күн мурун легендарлуу балбан өзүнүн Instagram баракчасына «Кыргыз өлкөсү жакында көрүшөбүз. 3-август», — деп жазып, өзүнүн сүрөтүн бөлүштү.

Сүрөттү Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендес дагы жарыялаган. Сүрөттө ал, ошондой эле кыргызстандык ишкер Айбек Монолов көрсөтүлгөн. «Айбек Манолов менен таанышканыма кубанычтамын. Сиз менен кооз Кыргызстанда көрүшүп, Көк Бөрү көрөбүз»,-деген.