«Ден соолук кербени» жети мобилдүү клиникалары Баткен облусунун Лейлек районунан өз ишин баштады.
   
КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мобилдүү клиникалардын даярдыгын текшеришти.
Бул көчмө клиника Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондусу тарабынан гранттык негизде каржыланган, “Ден-соолук кербени” долбоорунун алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилип, заманбап мобилдик медициналык комплекстер менен камтылган.
Андан соң «Ден соолук кербени» Лейлек районунун чек арада жайгашкан жабыр тарткан, шарты оор айылдарынын жашоочуларын медициналык кароодон баштады. Алар акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүп, акысыз дарылашат. Мындан сырткары мобилдүү клиника облустун ар бир район, шаарларында жана ар бир айылдарда калктын саламаттыгын медициналык кароодон өткөрүшөт.
Ошондой эле көчмө клиниканы уюштуруу аркылуу эл арасында ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу менен айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын ооруларынын алдын алуу жана табуу аракеттери көрүлөт. Бул көчмө клиника аркылуу Баткен облусунун жашоочулары жеринде гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алышат, ошондой эле УЗИ жана рентген диагностикасынан өтүшө алышат.
Эске салсак аталган «Ден соолук кербени» КР Президенти Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында эл менен жолугушууларда өлкө башчысы жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, көчмө клиникаларды жөнөтөөрүн убадалаган.
КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.