Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалев маалымат жыйынында Баткен облусунун жабыркаган жашоочулары үчүн жарандардан чогулган каражат эмнеге жумшалары тууралуу айтты.

Жунушалиев белгилегендей, министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн эсебине 116 млн сомдон ашык, ал эми ӨКМдин атайын эсебине 2,5 млн сомдон ашык каражат чогулган.

«Буга чейин бул каражаттар чыгымдалган эмес. Ушул жумада каражатты колдонуунун тартиби бекитилди. Бул каражаттын негизги максаты жаңжалдын жүрүшүндө жабыркагандарга түздөн-түз жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү жана жабыркаган жарандарга жардам берүү», — деди ал.