Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус илдетинен жабыркап, дарыланууда. Бул тууралуу аталган министрликтен  маалымдашты.

«Министрдин 3 күндөн бери абалы начарлап, дене табы түшпөй ооруду. Учурда абалы бир аз жакшырды. Ал азыркы тапта өлкөдө эмес, — деп билдиришти мекемеден.