Баткендин Лейлек районуна алып келинген жети мобилдүү клиника өз ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мобилдүү клиникалардын даярдыгын текшеришти.

Аны Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду «Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында гранттык негизде алып берген.

«Клиникалар чек ара чырында жабыр тарткан, шарты оор айылдардын жашоочуларын медициналык кароодон өткөрүп баштады. Алар акысыз текшерилип, дарыланышат. Көчмө клиниканы уюштуруу аркылуу калк арасында ар кандай ооруларды алдын алуу чарасы көрүлүүдө», — деп жазылган маалыматта.

Мобилдүү клиника аркылуу Баткен облусунун жашоочулары жеринде гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алып, ошондой эле УЗИ жана рентген диагностикасынан өтө алышат.