Кыргызстан Түркия менен жаңжалды күчөтүп жибербеши керек. Мындай пикирин саясат таануучу Денис Бердаков «Сапат» кыргыз-түрк билим берүү мекемелеринин  негиздөөчүсү Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу жаралган кырдаалга комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурдагы кырдаалды ар тараптан кароого болот.

«Эгерде биз муну Кыргызстандын жаранын уурдоо деп эсептесек, анда бул көз жаздымда калбайт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана башка түзүмдөр муну айыпташат жана жараныбызды өз мекенине кайтаруу үчүн аракеттерди көрүшөт. Бирок, муну көптөгөн факторлор татаалдаштырышы мүмкүн жана Инандынын кайтып келүү ыктымалдыгы өтө аз.

Эгер бул маселени бир кыйла кеңири карай турган болсок, анда Түркия өз жарандарын жана мурунку жарандарын, Түркияда төрөлгөндөрдү жана аларды душман деп эсептегендерди кайтарып берүү саясатын жүргүзүп жаткандыгын көрөбүз. Алар ар кандай атайын операцияларды жасашып, жүздөн ашуун адамды өз мекенине кайтарып келишкени белгилүү. Бирок, Кыргызстан ушундай башаламандыкка биринчи жолу кабылды.

Мындай кырдаалда биз жол бербешибиз керек болгон нерсе, Түркия менен болгон чыр-чатактын курчушу. Себеби, биз Түркиянын эли жана ишкер чөйрөсү менен олуттуу соода-экономикалык мамилелерибиз бар. Мисалы, он миңдеген балким жүз миңдеген кыргызстандыктардын иши жана жакшы жашоосу ондогон жана жүздөгөн түрк ишканаларынын, анын ичинде Кыргызстандагы ишканалардын ишмердүүлүгүнөн көз каранды», – деп белгилейт саясат таануучу.

Ошондуктан, серепчи белгилегендей, Кыргызстан экономикалык жана аскердик-саясий суверендүүлүгүн калыбына келтириши керек.

«Бирок жакынкы жылдар бул жагынан өтө оор болот. Себеби, биз буга чейин жана келечекте байкагандай, дүйнө жүз жыл мурун, чыныгы державалар өзүнүн ички жана тышкы саясий максаттарына жетүү үчүн өзүнүн бардык курал-жарактарын колдонуп жаткан 100 жыл мурунку саясатка бет алууда. Ошондуктан, Кыргызстан кичинекей мамлекет катары, өтө алсыз, ачык айтканда, экономикасы жана алсыз институттары менен бир нече ири геосаясий державалардын жана алардын кызыкчылыктарынын жана биздин аймакта жүргүзүп жаткан атайын операциялардын арасында жашап кетүүгө мажбур болот» дейт  Денис Бердаков.

Ал эми принципиалдуу позицияны ээлеп, баарына каршы согуш жарыялоо – бул өлкөнү кыйроого алып келүү – деп белгилейт ал.

«Казакстан жана Кытай менен чек аралардын жабылышы эмнеге алып келээрин көрдүк … Биз мамлекеттик башкаруунун бардык тутумун сапаттуу өзгөртүшүбүз керек жана бизде көп убакыт жок. Ага чейин бардык деңгээлдеги расмий аракеттерди улантып, бардык өлкөлөрдөгү жарандарыбызды максималдуу түрдө коргообуз зарыл», – деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.