Haberturk.com. басылмасы Орхан Инанды Фетуллах Гүллендин уюмунун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө кыргыз паспортун мыйзамсыз жасап берген, ошондой эле башпаанек берген деп жазып чыкты.

Жалпыга маалымдоо каражаттары маалымат булактарына таянып, 2001-жылдан баштап, жакынкы убакка чейин ал Кыргызстан үчүн жооптуу болсо, 2017-жылдан бери ал Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн жооптуу адамга айланганын жазып чыгышты.

«2021-жылы март айында Пенсильваниядагы (АКШ) Фетуллах Гүлленге барып, көрсөтмөлөрдү алды, ошондой эле уюмдун топ-менеджерлери деп аталган Мустафа Озжан, Наци Тосун, Барбарос Кокакурт менен байланышты» деп жазат Haberturk.

Басылманын маалыматы боюнча, Инанды Кыргызстандын паспортторун, анын ичинде Мустафа Озжанга жана Банк Азия башкармалыгынын мурунку төрагасы Али Челикке (Аli Celik) жасаган.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, 5-июль күнү кечинде түркиялык атайын кызмат аны кармап, Түркияга алып кеткени белгилүү болду.