Дарбыз тамак сиңирүүдө пайдалуу касиетке ээ. Бул тууралуу  диетолог Ольга Капийчукка  «Известия» басылмасына берген маегинде билдирди.

Адистин айтымында, дарбыз 90 пайыз суудан тургандыктан, адамдын чаңкоосун кандырат. Мындан сырткары, курамында тамак сиңирүүгө пайдалуу таасир тийгизүүчү өсүмдүк клетчаткасы, ошондой эле темир, магний жана аскорбин кислотасы бар.

Дарбыз ошондой эле антиоксиданттык жана денедеги суюктуктарды сүрүп чыгаруучу касиетке ээ экени кошумчаланды. Капийчук белгилегендей, бул азык углеводго бай болгондуктан адамды керектүү энергия менен камсыз кылат. Ал ортодо адис диабет илдетине чалдыккан жана бөйрөгү ооругандарга дарбыз жебегиле деп кеңеш берет.

Диетолог дарбызды август айынан тарта сатып алууга чакырат. Анткени эрте сатыкка чыгаруу максатында өстүрүлгөн дарбызга ашыкча жер семирткичтер себилет, бул адамдын организми үчүн зыян.