Бишкектеги М. Горький көчөсүндө жайгашкан Таш-Рабат соода борборунун имаратынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.

«Өрт саат 04:43тө чектөөгө алынып, саат 05:05те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок жана кырсыктын чыгуу себеби учурда такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Возможно, это изображение (текст «REDMI NOTE 8 PRO AI AI QUAD CAMERA»)