Бишкекте 40 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, эмдөө башталгандан бери 39 миң 932 адам эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 20 миң 294 жаран экинчи эмдөөдөн өттү. 39 миң 932 адамдын ичинен 2 миң 933 медицина кызматкери, 1 миң 211 борбор калаанын мектептеринин мугалимдери, 1 миң 952 мамлекеттик кызматкерлер, 65 жаштан ашкан жогору адамдар — 12 миң 189, күч структураларынын кызматкерлери — 462 жана 19 миң 519 калган жарандар, өнөкөт оорулар — 1 миң 255.

 Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:

— Биринчи Май районунун №14, 16 үй-бүлөлүк медицина борбору;

— Свердлов районунун №4, 9 үй-бүлөлүк медицина борбору;

— Октябрь районундагы №15, 19 үй-бүлөлүк медицина борбору;

— Ленин районунун №12, 17 үй-бүлөлүк медицина борбору;

— Куруучулар бейтапканасында;

— Калыс-Ордо конушундагы медициналык амбулаториясында;

— Учкун, Бакай-Ата конуштарындагы медициналык амбулаторияларында,

— Кара-Жыгач конушундагы медициналык амбулаториясында;

— Ак-Бата конушундагы медициналык амбулаториясында;

— Ак-Босого конушундагы медициналык амбулаториясында;

— Туңгуч кичи районундагы медициналык амбулаториясында;

— Темир жол ооруканасынын бейтапканасында.

Sputnik V вакцинасы төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

— Биринчи Май районунун бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

-Октябрь районунун бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

-Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

— Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

— Ленин районунун №2 бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

— Биринчи Май районунун №7 үй-бүлөлүк медицина борбору;

— Свердлов районунун №8 үй-бүлөлүк медицина борбору.

«Эмдөө тууралуу бардык маселелер боюнча «Эмдөө» тынымсыз линиянын телефон номуру боюнча кайрылсаңыздар болот: 31 32 97. Эмдөөгө келгендердин жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин электрондук ден соолук борборунун COVID-19 эмдөөсүнө каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн базасына киргизилет», — деп айтылат маалыматта.