Калкты эмдөө боюнча ыкчам ишти уюштуруу максатында 2021-жылдын 9-июлунда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 1,1 млн доза республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, 150 миң доза кытай тарабынан акысыз берилген.

Жылдыз Бакашева мындан тышкары ушул эле өлчөмдө Sinopharm вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жаткандыгын белгиледи.

Улуттук вакцинацилоо планынын негизинде калктын 70%на же 2 млн 118 миң 417 адамга эмдөө жүргүзүү зарылчылыгы, алардын катарына жарандардын артыкчылыктуу топтору 1 млн 312 миң 450 адам кирери белгиленди.

I топ — саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, чек ара, бажы кызматтарынын ж.б. кызматкерлери;

II топ — ар кандай оорулардын күчөп кетүү коркунучу жогору болгон жарандар, 60 жаштан жогору курактагы карылар;

III топ — калктын социалдык жактан аялуу топтору.