Көпчүлүк жерде депутат айымдар азчылыкты түзгөндүктөн алардын көтөргөн маселеси колдоо таппай калган учурлар кездешет. Ага карабастан саясаттын казанында кайнап, элдин социалдык турмушун жакшыртууга салым кошкон депутат айымдар арабызда абдан эле көп. Алардын бири Баткен районундагы Карабак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын тургуну Жамила Шадиманова. Ал аталган айылдын колдоосу менен 4 жолку чакырылыштын депутаты болуп, сугат жана таза сууга болгон төлөмдөрдү жөнгө салып, жумушсуз отурган айымдарды дем-күч берип, айылдагы лидер айымдардын бири.

«Алгачкы жолу талапкерлигимди койгондо сынга кабылдым»

Каарманыбыз Жамила Шадиманова учурда алыскы Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жашайт. 54 жашта, 5 баланын энеси. Жогорку билимдүү, кесиби бугалтер. Учурда Кызыл-Бел айылдык кеңешинин төрайымы, ошол эле учурда Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Баткен району боюнча бөлүм башчысы. Ал алгачкы жолу 2008-жылы депутат болуу үчүн талапкерлигин койгондо элдин сынына кабылып, аялдардын саясатка аралашуусу оор болгон.   

“Алгачкы жолу депутаттыкка аттанып жатканда коомчулукта, эл арасында аялдарга карата көз караш башкача болгондуктан мага “аял башың менен үйдө эле отурбайсыңбы, депутат болушту сага ким койду” деген сындар көп айтылчу. Мындай сындарга терикпей, баарына чыдадым. Чыдагысы келбей, сындарды уккусу келген аялдар саясатка аралашкысы келбейт эле. Алгачкы жолу депутат болуп талапкерлигимди койгондо эки гана айым депутат болдук. Кийинчерээк “ар бир айылдык кеңеште 30 пайыз орун аялдарга бөлүнүшү керек” деген мыйзам кабыл алынып, акырындык менен депутат болгусу келген айымдар көбөйүп баштады. Аялдар үчүн үй-бүлө менен саясатты айкалыштырып кетүү оор нерсе. Тагдырга жазса көнбөшкө арга жок. Ушуну менен учурда төртүнчү чакырылыштын депутатымын. Бул жылдар аралыгында айыл эли үчүн көптөгөн иштерди жасоого жетиштим”,-дейт Шадиманова.

«Ичүүчү жана сугат сууга болгон төлөм ыкмаларын иштеп чыктым»

Депутаттык иш жоопкерчиликтүү ошончо элдин жүгүн көтөрүү, алардын сынына туруштук берип, айыл эли менен иштешүү ар биринин эле колунан келе бербейт. Шадиманова депутат болуп турганда айыл өкмөттөгү ичүүчү жана сугат сууга болгон төлөм ыкмаларын иштеп чыккан. Муну айтканга оңой болгону менен артында опол тоодой эмгек жумшаган. Ошол эле учурда аялдарды саясатка тартууда эмгеги зор.

“Бүгүнкү күндө Карабак айыл өкмөтүндө сугат суу, таза суу маселеси чечилип, атайын жергиликтүү тургундарга тарификация иштелип чыгып, квитанциялар бекитилген. Бул маселени жергиликтүү кеңеште улам-улам көтөрүп, айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан соң гана жөнгө салынды. Аны ишке ашыруу оңойго турган жок. Буга чейин эл тарифти кандай төлөштү билбей, чар жайыттык орун алып келген. Азыр элдин аң сезими өзгөрүп, салыкка болгон көз карашы калыптанып, жоопкерчилик бир азда болсо кыйла жакшы жака өзгөрдү. Ал эми аялдарды айылдык кеңештин депутаттыгына тартууда дагы атайын окутууларды жүргүздүм. Аларга өзүмдү үлгү катары көрсөтүп, депутат айымдар канчалык көп болсо, элдин маселеси, социалдык көйгөйлөрдү чечүү ошончолук жеңил болоорун айтып отуруп, учурда жаныма 2-3 аялды айылдык кеңештин депутаты кылдым. Аларды айыл эли колдоп беришти. Бул айымдарды саясатка тартуудагы себебим эркектер арасында кайсы бир маселени чечүүдө добушум эсепке алынбай калчу. “Сенин добушуң жетпейт” деп кагып, силккен учурларга туш болгом. Ошого намыстанып аялдарды өзүмө тарта баштадым”,-дейт Шадиманова.

«Чебер айымдардын башын бириктирип, өз ара жардамдашуу тобун түздүм»

Шадиманова айылдык кеңештин төрайымы, почта кызматкеринен тышкары үйдө бош кала калса чеберчилик менен алектенип, үй-бүлөсүнө, жолдошуна жардам берип келет. Буга чейин жумушсуз отурган кыз-келиндерге атайын чет элдик донорлорго грант жазып, кийим тигүүчү машина алып берип, айылдагы кыздардын себин даярдашат. Учурда ал айымдар турмуш шартын оңдошуп, жашоосун жакшыртып алышкан. Анын пикиринде аял десе эле үйдө отуруп калбай, өзүн өнүктүрүп, коомдо өз ордун таба билиши керектигин айтат.

 “Депутат болуп жаңыдан баштаганда айылда жумушсуз отурган аялдарга жардам бергим келди. Алгачкы жумушту тигүүчүлүктөн баштап, чет элдик донорлорго кийим тигүүчү машина алдым. Ар бир эле аял бул тармакты алып кетүүдө мүмкүнчүлүгү боло бербейт экен. Кээ биринин кийим тигүүчү машинасы болсо, тиккенге кездемеси жок. Материалы болсо машинасы жок, кийим тиккенди билбейт дегендей. Мындай учурда чебер айымдардын башын бириктирип, өз ара жардамдашуу тобун түздүк. Алар алгачкы жумушту кыздардын себин даярдоодон баштады. Акырындык менен тапшырыктарды алышып, иштин эбин таап кетишти. Учурда алар турмуш-шартын оңдошуп, үйдө отуруп калган аялдарды жумуш менен камсыз кылып, муктаждарга жардам берип келишет. Акчаң жок болсо ишти деле баштоо кыйын, чакан ишин баштаган аялдарга чакан насыя дагы алып бердим. Аларга ишти кантип баштоону, кирешени кантип көбөйтүү боюнча окутууларды дагы уюштурдук. Антпесек насыя алып, карыз болуп үй жайынан ажырагандар көп болуп жатпайбы”,-дейт ал.

Абдыхаким Шадыманов: Жубайым ар тараптуу, бош отуруп калганын көрбөйм 

— Жубайым Жамила менен чогуу түтүн булатканыма 35 жылдын жүзү болду. 5 баланы багып чоңойтуп, алар турмуштан өз ордун табышкан. Учурда 9 неберем бар. Мамлекеттин ишинде болобу, үй оокаты болобу баарына жетишип, уюштуруу иштерине жакын. Жолдошу катары ар тараптан колдоп турам. Жубайымдын элдин жүгүн аркалап, аял болсо да эркектер чече албаган маселени жеринде аралашып, калктын кызыкчылыгын ошол эле учурда үйдө небирлерди карап үй оокатынын баарына жетишет. Үйдө такыр бош болгонун көрбөйм, иштен чарчап келсе дагы айылдан тапшырык алган кыздардын себин бүтүрүп, ар бир ишке жоопкерчиликтүү менен мамиле кылат. Аялдар саясатка аралашса коомчулук туура эмес көз карашта болбой түшүнүү менен мамиле кылуубуз керек. Алар эркектерге караганда ой жүгүртүүсү, элге жакын болуп, маселенин чечилишине чоң салым кошот.

Шадыманованын кесиптеши Рахат Абдуллаева: Жамила эже кесиптештерине баарына бирдей мамиле кылат

— Жамила эже менен Баткен райондук почта кызматында бир жылдан ашык чогуу эмгектенип келебиз. Биздин негизги жасаган жумушубуз жөлөк пулду, пенсия таратабыз. Аларды убагында жеткирип беребиз. Кесиптеши катары айта турган болсом бул эженин лидерлик сапаты өтө күчтү. Жумушта баарыбызга бирдей мамиле жасайт. Ишине өтө жоопкерчиликтүү. Эл үчүн соопчулук иштери жана калктын чечилбей жаткан маселесин ачык айтып, аны чечмейинче тура албайт. Мындай айымдар ар кайсы мамлекеттик сферада көп болушун каалайт элем.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ