Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жасоону ыкчам жүргүзүү үчүн убактылуу 868 эмдөө пункту ачылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.

«868 эмдөө пунктунун 521и мамлекеттик медициналык мекемелерде, 11и жеке менчик медициналык жайларда, 116сы жалпы билим берүүчү окуу жайларда, 25и соода-эс алуу жайларында, 53ү спорттук мекемелерде, 63ү ири базарларда ачылмакчы», — деди Бакашова.

Мындан сырткары, калкты эмдөө үчүн 78 мобилдик бригада уюштурулган. Бакашова вакцинаны сактоо үчүн эмдөө пунктуларынын бардыгы муздаткыч, ал эми мобилдик топтор термоконтейнер менен жабдыла турганын кошумчалады.