ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери өлкөнүн бейпилдигин, жарандардын коопсуздугун жана мыйзамдуулукту камсыздоодо өздөрүнө тагылган милдеттерди абийирдүүлүк  менен так аткарып келет. Өлкөнүн кайсыл аймагында кандай кырдаал орун албасын, ар качан тартип сакчылыгында, ички иштер органдарынын бөлүмдөрү менен бирге укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышып,  алардын полктун ишине тиешелүү бөлүгүнүн аткарылышын камсыздап калк менен жигердүү иш жүргүзүп келет.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан тарта полктун Бишкек шаарында жайгашкан №1,2-батальондордун өздүк курамы   Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Андан тышкары Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү максатында Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын соода бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы