Мындай пикирин журналист жана эксперт Жаныбек Атамбек билдирди.

Буга чейин Орхан Инанды Түркияга – Атамбаев менен Жээнбековдор эмес путиндик орус бийлиги бердирбей келген, себеби түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө “соодалашууга ал өтө баалуу объект” экендигин орустар жакшы билген. Жапаровдун Орханды Түркияга (мыйзамсыз, өрөй жолдор менен болсо да) кайтарышы жалпы мамлекеттик кызыкчылыктын алдында өзүн актай турган, эгемендүү саясый чечим десек болот. Биз буга чейин абакта жаткан жеринен Батукаевди – ким, кимдин буйругун аткарып – атайын учак менен кызыл килемден узатканы чыныгы мамлекеттик саткын саясат болгонун көргөнбүз,-дейт ал.

Булак: Коом пресс кж