26-июнда президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» чуулгандуу мыйзамдагы түзөтүүлөргө кол коюп, бейөкмөт уюмдарды өздөрүнүн каржылык иштери жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген. Бул түзөтүүлөргө өлкөдөгү бардык ири өкмөттүк эмес уюмдар каршы болуп, президентти мыйзам долбооруна кол койбоого үндөшкөн болчу.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми акысыз негизде берилген акчалай жана материалдык ресурстардын эсебинен иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден тышкары), жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтында акча каражаттарынын келген булактары, аларды сарптоонун багыттары жөнүндө маалыматтарды жарыялап турууга милдеттендирилет.

Маалыматты жайгаштыруунун формасы жана тартиби Жапаров кол койгон түзөтүүлөрдө көрсөтүлгөн КРнын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Кирешенин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сыр болбой калат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, 17-июнда бул мыйзам долбоору үчүнчү акыркы окууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан жактырылган.