Ысык-Көлдөгү «Эдельвейс» полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Машыгуу сборуна Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору тартылды.

Тоолуу рельефт жана өзгөчөлүктөр эске алынып бир катар максаттар коюлган. Анын катарында тоо шартындагы тоскоолдуктарды жеңүү үчүн билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, инструкторлорду аскерлерди тоо шартында даярданууга үйрөтүү боюнча чеберчилигин жогорулатуу, алган билимдерин практикада колдонуу тапшырмалары аткарылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү. Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди. Чалгындоо аймагында издөө иштерин жүргүзүү, буктурма уюштуруу аракеттери көрсөтүлдү.

Булак: Спутник.кж