Кыргызстанда бир айдын аралыгында цементтин баасы 13 пайызга, кирпич беш пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы  кабарлады.

Статком тарабынан өлкөнүн 18 калктуу конуштарындагы бааларга мониторинг жүргүзүлгөн.

Анда июнь айында 50 килограмм цемент орточо 355,1 сомдон сатылып, май айына салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өскөн. Ал эми 1000 даана кирпич орто эсеп менен 7 840 сомго бааланып, мурунку айга караганда 5 пайызга көтөрүлгөн.

Цементтин эң эле жогорку баасы Кара-Балта шаарында (50 килограммы 400 сом), Чаек айылында (399,9 сом) жана Нарын шаарында (394,9 сом) катталган. Эң арзаны Жалал-Абад, Өзгөн (300 сом) жана Ноокат (320 сом) шаарында сатылууда.

Ал эми эң кымбат кирпичтер Токмок (1000 даанасы 13 228,8 сом), Исфана (12 000 сом) жана Ноокат (10 247 сом) шаарларында сатылат. Арзанын Кара-Суу (2 978,1 сом), Кербен (3 741,7 сом) жана Өзгөн (5 899,2 сом) шаарларынан табууга болот.