Бишкек-Балыкчы-Бишкек багытындагы №608, 609 жүргүнчү ташыган поезд 19-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, поезд каттамынын жүгүртмөсү төмөндөгүчө: Бишкек-Балыкчы каттамы саат 07:00дө, Бишкек-1 темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат.
Балыкчы-Бишкек-1 поезди саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, 22:03тө Бишкек-1 темир жол бекетине келет.
Билет баалары: Чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин). Ал эми 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз.
«Билеттерди темир жол станциясынын кассасынан же поезддин ичинен сатып алса болот», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жайкы туристтик сезонго карата «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамын 18-июндан тарта ишке киргизген.