Кыргызгидромет өлкө боюнча 8-16-июлга чейинки мезгилге карата аба ырайынын алдын ала божомолун жарыялады.

Синоптиктердин айтымында, 10-июлдан 16-июлга чейин республика боюнча, негизинен тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми  10  жана 11-июлда — кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ошол эле учурда, метеорологдор абанын температурасы болжол менен 5-7 градуска төмөндөйт деп болжолдошууда.