Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы, этнограф, “Ак Саамай”  элдик фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү, жетекчиси Кенжеева Айымкан Кенжеевна 83 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Кенжеева Айымкан Кенжеевна (Жаманкулова) 1938-жылдын 7-ноябрында  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда  Жапасалды айылында туулган. 1954-жылы орто мектепти бүтүп Жалал-Абад шаарындагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына кирип 1958-жылы толук курсун аяктап, мугалим болуп иштей баштады. 1960-жылы Ош пединститутунун тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун мугалимден баштап, завуч, директор, техникалык окуу жайдын директору, Ала-Бука райком партиясынын инструктору кызматын аркалаган.

1968-жылдан бери Сокулук районунда жашап, мугалим, мектептин директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 2005-жылдан баштап маданият бөлүмүнүн  кызматкери болуп иштеген. Усулчу, башкы адис, хормейстер болуп, Сокулук райондук маданият бөлүмүнүн  башчысы болуп иштеди. 1994-жылы фольклордук топ түзүп, 2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө  чейин Сокулук райондук маданият бөлүмүндөгү “Аксаамай” элдик фольклордук аспаптар  ансамблинин көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келген. Бир нече долбоорлордун түзүүчүсү катары коомчулукта кадыр-барк алган. Мисалы: Сокулук районундагы “Адеп башаты — ападан”, “Талант тамыры — элде”, “Шайыр апалар” долбоору төрайымы ж.б.

Айымкан Кенжеевна бир нече жолку республикалык, облустук фестивалдардын, кароо сынактардын уюштуруучусу жана катышуучусу, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон.

Айымкан Кенжеевна “Сырын каткан алтын така”, “Рахманкул хан”, “Жер энеси-Зууракан” атуу китептердин автору.

Кыргыз Республикасынын маданиятына, Чүй облусунун маданиятына кошкон эмгектери үчүн  “Эл агартуунун мыктысы”, “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” сыйлыктарына татыктуу болгон. Алты баланын мээрман энеси, жаркын инсан, тарыхчы, санжырачы, жазуучу, этнограф, кол өнөрчү, көп кырдуу талант  Айымкан Кенжеевнанын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 Ж.К. Бакашова, К.О. Иманалиев, Б.Ш. Секимов, С.А. Аманова, И.А. Балташев, К.К. Шабданбаев, М.А. Бектеналиев, Б.Ж. Алиев, Н. Аалы кызы, Т. Актанов, К. Эралиева, С.А. Какеева, М.Осмонов, З. Нуркамилова, Т.Б. Маткеримова,  Э.С. Тентишев, К.Г.Айтибаев, Б.Б. Белекова, Р.А. Бакеев, Ж.Б. Курмангалиев, Э.М. Медетова.