2021-жылдын алтын айынын жыйынтыгы боюнча коррупция менен күрөштүн натыйжасында дээрлик 6 млрд сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде билдирди.

Анын айтуусунда, жыл башынан бери 304 кылмыш иши козголгон.

«Мамлекеттик органдын 32 кызмат адамы жазага тартылды. Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 26 млрд сомдон ашуун болгон. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында дээрлик 6 млрд сом өндүрүлгөн», — деди ал.