Ташиев: Жээнбековго карата кылмыш иши жок. Бакиевке, Атамбаевке кылмыш иши козголгон

Азыркы учурда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал мурдагы президенттерге карата кылмыш иши козголгондугун айтты. Алсак, Кумтөр иши боюнча Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгон.

Сооронбай Жээнбеков жоопко тартылабы деген суроого, Ташиев ага каршы азырынча бир дагы иш жок деп жооп берди.