Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран  Орхан Инанды  Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун  мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Андан сырткары аталган кылмыш ишинин алкагында учурда жалпы Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип текшерүүгө алынат. Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун  алган фактылар жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги, жана кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип,  аларга юридикалык баа берилет.

Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар,  анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөндүгүн биз өз убагында ачыктаганбыз.

Ошондой эле жалаң гана паспорт эмес эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынып, алар мыйзамдуу алганбы же мыйзамсыз алганбы, аларга кимдер жардам бергендигин   тактоо жана аныктоо иш-чаралары башталды.

Ички иштер министрлиги паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт жана иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабардар кылып турабыз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы