Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазды. 

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 8-июлда саат 16:00 – 17:00 чамасында Лейлек районундагы Сумбула аймагында болду.

Бул учурда кыргыз чек арачылар кызматта жүргөн.

Азыркы сааттарда карата алынган маалымат боюнча, ок атышуу 20-30 мүнөткө уланды. Адам өмүрү да кыйылды.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаевдин айтымында, Тажикстандын Согди облусунун губернатору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Учурда Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана милиция кызматкерлери тажик тараптын өкүлдөрү менен биргеликте окуяны иликтөө үчүн жөнөп кетишти.

Булак: Турмуш кж