Ош шаарындагы “Кыргызунаакурулуш” заводунда жүк ташуучу автоунааларды чогултуп, чыгара баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Иштин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго “Кыргызунаакурулуш” машина куруу заводунунун негиздөөчүсү Нурбек Осмонов тааныштырып, жумушчулар менен пикир алышышты.

Мэр ишкерлерди колдоо менен шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга, элди жумуш менен камсыз кылууну шарттай турганын айтты.

“Кыргызунаакурулуш” машина куруу заводу Кыргызстанда алгачкы жолу жүк ташуучу машиналарды чогултуп баштады. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бардык өндүрүш процесстери немец технологиялары менен жүргүзүлөт. Бул чыгарылган продукциялардын жогорку сапатта болушун шарттайт. Өндүрүштүк ишке Түркия жана Россиядан да адистер тартылган.

“2018-2020 – жылдар аралыгында курулуш жана ишке киргизүү аракеттери болду. 2020-жылдын ортосунан тарта биринчи продукциялар – электрогенераторлор жана электрокалканчтар, лифттер, темир эшиктер чыгарыла баштады. “Кыргызунаакурулуш” машина куруу заводу ар кандай татаалдыктагы энергетикалык жана машина куруу жабдууларын долбоорлойт жана чыгарат. Жакынкы мезгилде электромобилдер чогултулуп баштайт. Завод сапатка, технологиялык процесстердин экологиялык талаптарга жооп берүүсүнө басым койот. Ишкана рынокто лидерлик позицияларда болууну, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн өнүгүүсүнө салым кошууну көздөйт. Ишкананын өз конструктордук бюросу бар. Типтүү продукцияларды гана эмес, инвидуалдуу заказ менен нестандарттуу буюмдарды да жасай алат. Машина куруу заводунун ачылышы бюджетти толтуруу гана эмес, жумуш орундарын түзүү”,-деп айтылат аталган заводдун жетекчилиги тарабынан айтылган маалыматта.

Ишканада 300дөн ашык адам эмгектенип жатат.