Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон бааны төмөндөтүү боюнча жолугушууларды жүргүзүүдө.

Аталган агенттиктен кабарлашкандай, 1-июлдан 31-августка чейин өлкө аймагына ташылып келген жана сатылып жаткан кумшекер, өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы колдонулбайт.

Буга байланыштуу мамлекеттик агенттик борбор калаадагы ири соода тармактары менен иштешип, социалдык мааниге ээ азыктардын бааларын төмөндөтүүнү ылайыкташтырат.

Ага ылайык, 1 килограмм кумшекердин баасын 62-63 сомдон 55 сомго чейин, ал эми 1 литр өсүмдүк майына болгон баа 15 сомдон 20 сомго чейин төмөндөтүлөт. Жакынкы күндөрү базарлар, соода түйүндөрү жана дүкөндөр текшерилет.