Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду тандоодон өткөн 87 окуу жайдын базасында 100дөн ашуун кесип боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштурат.

2021-жылдын 1-июлуна карата алдын ала квалификациялоо процедурасынан 15 группа (227 адам) өткөн.

Кыска мөөнөттүү курстарда окуунун артыкчылыктары эмнеде?

Бул биринчи кезекте:

  • 1-4,5 айдын ичинде жаңы кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү;
  • ээ болгон кесиптин чегинде квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгү;
  • окутуунун ийкемдүү графигин тандоо мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда иш менен окууну айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү;
  • көп сандагы программалардын ичинен тандоо мүмкүнчүлүгү;
  • практикалык көндүмдөргө ээ болууга багытталган программалар, анткени окутуунун бир бөлүгү ишкананын/уюмдун базасында өтөт;
  • окуу жайлардын заманбап техникалык жана материалдык базасы;
  • жаңы кесипке ээ болууну же квалификацияны жогорулатууну тастыктаган документ алуу.

Заманбап дүйнөдө көндүмдөр жана билимдер тез эле эскирүүдө жана анын себеби болуп биринчи кезекте илимий-техникалык прогресстин глобалдашуусу жана өнүгүүсү саналат. Кандай болбосун уюмдун ийгилиги кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Азыркы учурда жетекчилер өз уюму үчүн персоналды окутуу керекпи деген суроону беришпейт. Эреже катары, бул чыгымдардын каражаттарды көп талап кылган беренеси, бирок абдан маанилүү. Иш берүүчүлөрдө Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу өзүнүн уюму үчүн кызматкерлерди эмгек рыногунун талаптарына ылайык келүүчү жаңы кесиптерге окутуу же иштеп жактан кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун (КӨФ) башкы максаты эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ыкчам таасирденүү жана экономиканын тармактарын иш берүүчүлөрдүн буйрутмасына ылайык жеке изденүүчүлөрдүн санынан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (ДМЧА) жана калктын башка социалдык жактан аярлуу катмарын окутуп, кесипкөй жумушчу кадрлар менен камсыздоо. Ошондой эле артыкчылык болуп кесиптик билим берүүчү окуу жайлар менен Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү саналат.