Кыргыз өлкөсүндө COVID-19дун индиялык штаммы каттала элек. Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов брифингде билдирди.

Ал өз сөзүндө, адамзат эки жылдан бери SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы инфекциясынан жана ага өбөлгө болгон буга чейин этибар алынбаган вирустук дүйнөнүн белгилери болгон: 2003-жылдагы SARS- атипикалык пневмония жана 2012-жылдагы MERS-CoV инфекцияларынан улам келип чыккан пандемия шартында жашап келе жаткандыгын белгиледи.

Касымов белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын болжол менен 300-400 миңге көбөйүп, саны 185 миллиондон ашык адамга жетти. Ошол эле учурда Кыргызстанда оорулардын жалпы саны 140 миңге жакындап, күн сайын 1200-1500гө көбөйүп жатат.

“Баштапкы ухань вариантынын SARS-CoV-2 штаммы олуттуу мутацияга учурады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө штаммдарды классификациялоонун бир нече түрлөрү аныкталды. Алар — Улуу Британия (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразилия (гамма) жана Индия (дельта) штаммдары. Алардын ичинен Индия штаммы адамзат коомчулугу үчүн эң коркунучтуу болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдө жуктуруулардын 85,7 %ы Улуу Британиялык жана 14,2%ы Түштүк Африка штаммдары катталган”, — деп билдирди директор.

Коронавирустун жугушун алдын алуу жана жеңилирээк башынан өткөрүү үчүн эң натыйжалуу профилактика — калкты 90% га чейин эмдөө болот.

Маалымат үчүн: индиялык штамм:

 

-дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө жайылган;

 

-инфекция 5-10 секундада (белгилүү штаммдар боюнча 15 мүнөт) пайда болот;

 

-вакцинацияланган жана ооруп айыккан адамдарга жугуу коркунучу бар, бирок алар ооруну жеңилирээк түрүндө өткөрүшөт;

 

-инкубациялык мезгил 1-3 күндү (мурун 3-7 күн) түзөт;

 

-башка штаммдарга салыштырмалуу вирустун көтөрүнкү жүктөмү;

 

-козгогуч организмден 13-15 күндө (мурун 7-9 күн) бөлүнүп чыгат;

 

-клиникалык агым кыйла оор түрдө өтөт, жогорку температура, шакый (баш оору), тамак оорусу, жөтөл, ринит жана башка белгилер;

 

-башка штаммдарга салыштырмалуу ооруканага жаткыруу коркунучу 2 эсе жогору.