Кечээ 8-июлда, оруссиялык РИА  Новости агенттиги   «»Кумтөр». Кыргызстандын Уурдалган Келечеги» деген аталыштагы Максат Элебесовдун  көлөмдүү  макаласын жарыялады.

Анда, Кыргыз бийлиги Кумтөр долбоорундагы өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн канадалык ири алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. менен түздөн-түз каршылашып, чоң оюн баштады.

Кумтөр кенинин айланасындагы процесстер Кыргызстанды дээрлик бардык азыркы тарыхында коштоп жүрдү. Бул Борбор Азиядагы эң ири алтын кени өлкөнү өнүгүү үчүн чоң ресурстар менен камсыздаса болмок, бирок кыргыз эли долбоордон түшкөн акчанын, пайдасын  сезген жок.

Талаштын негизги предмети — кирешени Канадалык компания менен Кыргыз Республикасынын ортосунда бөлүштүрүү. Кумтөр — Центерранын кирешесинин кыйла бөлүгүн түзгөн негизги байлыгы. Мисалы, 2020-жылы кирешенин 58% камсыз кылган. Атүгүл кен жалпы кирешенин 90% дан ашыгын камсыз кылган жылдар болгону айтылат.

«Кумөрдү» улутташтыруу Садыр Жапаровдун тушунда эле эмес, ага чейинки ар бир төңкөрүштө көтөрүлгөн, бирок ушул бийликтин тушунда алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, «Кумөрдү» өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп келген канадалыктар тууралуу  сөз болуп, макалынын ичинде кендин пайда болуу тарыхынан тартып, азыркы мезгилге чейинки өндүрүмү цифрлар, даталар менен келтирилет.