Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 3 992 арыз түштү. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Бишкек АШК берген маалымат боюнча 2 602  шайлоочу, Ош АШК боюнча – 1 168,  Токмок АШК боюнча – 222 шайлоочу арыз берди. 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:

  • калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн  мурда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин өз участогунда илүүгө милдеттүү.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн.

2021-жылы 10-июлда шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтөт.