Өткөн жумада Араб жарым аралындагы өлкөлөрдө демейдегиден ысык аба арайы катталды. Бул Жакынкы Чыгыштын эмирлигиндеги акыркы 70 жылдагы эң ысык жай экендиги белгиленди.

Кувейтте жума бою термометрлер +50 градустан төмөн түшпөйт, ал эми шейшемби күнү температура +73 градуска чейин көтөрүлгөн.

Кувейттин метеорологиялык департаменти июнь айынын акыркы күндөрүндө Аль-Жахра айылында температура +53 градуска жеткенин, ал-Нувейсибде болсо +52 градуска чейин көтөрүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле департамент  абанын температурасы жуманын аягына чейин сакталып, термометрлер +50 градуска жетерин эскертти.

Айрым ири шаарларда абанын температурасынын жогорулашынын фонунда, шаардын тургундары электр жарыгысыз калышты, анткени өлкөнүн энергетикалык тутуму аны көтөрө албай жатат. Бийлик коомчулукка кайрылып, энергияны сарптоону кыскартуу жана эски кондиционерлерди алмаштыруу талабы менен кайрылды, анткени алар тармакка чоң жүк алып келишкен.