Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди, — деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Улукбек Марипов жубайы менен Бишкек шаарынын №40 жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берди.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл.

Белглесек, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 58-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалган.