Кыргызстанга бүгүн, 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы алынып келди. Вакцинаны өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Марипов  Кытай тарабынан акысыз негизде Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келгендигин айтты.

«Андан тышкары, биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кытайлык вакцинанын 1 млн 100 миң дозасын сатып алдык. Баарыңыздарды эмдөөгө активдүү катышууга чакырам. Пандемияны жеңүүнүн эң оңой жолу — бул эмдөө», — деди Марипов.