Президент Садыр Жапаров Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон кыргызстандык жоокер Хуснидин Хажиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында президент маркумдун жакындарын колдоо максатында Баткен облусунун Баткен шаарынан 82 чарчы метр жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү тапшырды.

Маркумдун айылдаштарынын айтымында, чек ара кызматкеринин артында кош бойлуу жубайы жана уулу калды.

Эске сала кетсек, 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон. Анда Хуснидин Хажиев окко учкан. Анын сөөгү 10-июлда өзү туулуп-өскөн Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.

Ал эми Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек арачыларына таянып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстандын аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы – 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.