Июнь айынын башында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына облустун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч колдонуп коркутуу жолу менен жеке ишкерлерден акча талап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматты турмушка ашыруу максатында, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кесипкөй жана мыкты даярдалган кызматкерлеринин ичинен биргелешкен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.
Кылдаттык менен жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден акча талап кылып жатышкан шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталган. Алар, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары турушкан Бостери айылынын тургундары 27 жаштагы А.Т., 24 жаштагы А.Р. жана Б.Б. болуп чыгышты. Андан кийинки ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрүшкөндүктөрү аныкталган.
Аталган факт, Ысык-Көл ОИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 205-беренеси (Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби) менен 206-беренесинин (Жеке тинтүү) негизинде кылмышка шектүүлөргө карата санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алнган.
11-июль күнү шектүү А.Р. жана Б.Б. «Инфинити» автоунаасы менен бара жатышканда, Бостери айылынын көчөлөрүнүн биринде милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда, кийип жүргөн кийимдеринин чөнтөктөрүнөн жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынды. Андан тышкары автоунаанын ичинен 16-калибрдеги колго жасалган кесилген ок атуучу курал да табылып алынды. Алынган заттын салмагы 12 граммды түздү.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-химиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.
Ысык-Көл ОИИБи кылмышка шектүү делген адамдардын аракеттеринен жапа чеккендерди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына билдирүүнү өтүнөт.
Мекемеден билдиргендей, уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу жооп кайтаруу, жарандарды жана мыйзамдуу бизнести коргоо максатында, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы эң маанилүү укуктук принцибин — жазанын сөзсүз түрдө аткарылышын турмушка ашырып келүүдө. Демек, адамдардын адилеттүүлүккө болгон ишеними, мыйзамдын күчү менен мамлекеттин адамдын коопсуздугун коргоого жөндөмдүүлүгү артыйт.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы