Эгерде Кыргызстанда карантин киргизилсе, анда экономикада чоң кризис болот. Мамлекет эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды бере албай калат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Биз карантин киргизе албайбыз. Тескеринче, Ысык-Көлдө туристтик сезонду ачтык. Медиктер күчөтүлгөн татипте иштеп жатышат. Өзүңөр көргөндөй, Ысык-Көлдө ооругандар көп эмес, ал жакта кошумча койка-орундар даярдалган», — деди министр.

Ал санитардык эрежелерди сактоого: бет кап тагынып, колду жууп, антисептик колдонуп жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

«Өткөн жылы карантин болгон, эки айда экономика абдан жабыркады, элге кыйын болду. Ал абалдан биз  донорлордон насыя акча алып, чыгып кеттик», — деди Бейшеналиев.