Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегордун сынган бутуна 3 жарым сааттык операция жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Макгрегордун бут сөөгүнө интрамедуллярдык өзөк коюлган, буттун төмөн жагындагы узун ичке сөөгү бурамалар менен бекитилген. Ал Лос-Анжелестеги Седарс-Синай ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, операция ийгиликтүү болгон. Макгрегор клиникада шаршемби күнгө чейин болору айтылууда.

Белгилүү болгондой, кечээ,  11-июлда Лас-Вегас шаарында UFC 264 турнири өткөн. Мушташ техникалык нокаут менен аяктап, биринчи раунддан кийин Макгрегор бутунун сынганынан улам күрөштү уланта алган эмес.