Бишкек, Ош, Токмок шаарларында болуп өткөн кайра шайлоого бюджеттен 38 млн 654 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, кечээ кечинде өткөн маалымат жыйында  билдирди.

Маалыматка ылайык,  БШК 39 млн 944 миң сомдук смета бекиткен болчу, бирок 38 млн 654 миң сом чыгымдалган.

Бишкек шаары  — 27 млндон ашуун,Ош шаары — 9 млн 349 миң сом.Токмок шаары — 2 млн 612 миң сом.

Жалпысынан партиялардын шайлоо фондуна 34 миллион 343 миң сом которулган, чыгымдар 44 миллион 253 миң сомду түздү. Партиялардын шайлоо фондунда өткөн шайлоодон 8 миллион 627 миң сом калган. Партиялар бул шайлоодо ошол акчаны да колдонушту.