Жарым жылда (январь-июнь) өлкө бюджетинин киреше булагы 80 миллиард 767 миллион сомду түзүп, белгиленген пландан 3,45 миллиард сомго көп каражат түштү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги  маалымдады.

Өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырган бул көрсөткүч 28 миллиард 296,6 миллион сомго көп экени белгиленет.

Салыктык киреше — 57,4 миллиард, пландан 115,3 миллион сомго, өткөн жылга салыштырмалуу 19,9 миллиард сомго көп;

Салыктык эмес киреше (буга укук коргоо органдары тарабынан өндүрүлгөн каражат да кошулат) — 20,2 миллиард сом, өткөн жылга салыштырмалуу 9 миллиард сомго көп;

Ал эми алты айдын аралыгында республикалык бюджеттин чыгашалары 80 миллиард 191,7 миллион сом болгон. Былтыркыга караганда 10 миллиард сомго көбүрөөк коротулган.

«Алдын ала маалымат боюнча, биринчи жарым жылдыкта бюджеттин аткарылышы 575,3 миллион сомдук профицит менен жабылды. Бул биздин бюджеттин тартыштыгын жоюу боюнча жасалган алгачкы кадамдарыбыз», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бардык социалдык милдеттемелер, маяна, жөлөк пул, пенсия жана корголгон беренелердин баары өз убагында толугу менен төлөнгөнү белгиленет.