Элдин президент Садыр Жапаровго болгон ишеним деңгээли жогору экени
белгилүү болду. Буга M-Vector изилдөө компаниясы жүргүзгөн
сурамжылоонун маалыматтары күбө.

Респонденттердин 80 пайызы президент Садыр Жапаровго ишенээрин айткан (буга
ишеним арткандар дагы, толугу менен ишенгендер дагы кирет). Мамлекет башчысы
берген убадалардын аткарылышына таптакыр ишенбегендер 6 гана пайызды түзгөн.

Респонденттерге ар кандай уюмдарга жана мамлекеттик органдарга ишеним
деңгээли жөнүндө дагы суроолор берилген. Анда алдыңкы үчтүккө армия (72
пайыз), диний уюмдар (53 пайыз) жана өкмөт (53 пайыз) кирген.
Респонденттердин көпчүлүгү саясий партияларга ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн (70
пайыз).

69 пайызы парламентке, 61 пайызы сотторго, 51и прокуратурага жана 47си укук
коргоо органдарына жана милицияга ишенбейт. УКМКга 49 пайыз ишеним берилген.
Изилдөөчүлөрдүн сурамжылоосуна караганда, жарандардын өлкөнүн жаңы
жетекчилигине болгон ишеним деңгээли жогору экендигин белгилешти. Бирок эң
жогорку деңгээлдеги ишеним армияга жана диний уюмдарга таандык. Респонденттер
укук коргоо органдарына ишеними аз экенин билдиришкен. Сурамжылоонун
катышуучулары саясий партияларга аз ишенерин айтышкан.