Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эне жана балдарды коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова брифинг учурунда COVID-19 инфекциясынан балдарды коргоо боюнча кеңеш берди.

“Учурда коронавирустук инфекциянын ылдам өсүшү уланууда, андыктан инфекцияны алдын алуу, анын ичинде балдар үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл.
Эмдөө жана жеке гигиенага үйрөтүү өлкөдөгү жарандардын ден соолугун камсыз кылуунун маанилүү аспектилери болуп саналат. Жаш балдарга учурдагы кырдаал жөнүндө туура түшүндүрүү жана балдарды вирустан коргоо чараларын ар бир чоң кишинин алдында милдет болуп турат”, — дейт ал.

Коронавирустун алдын алуу үчүн:

• Чектөө иш-чараларынын мезгилинде балдардын байланышын мүмкүн болушунча жокко чыгаруу же чектөө керек;
• Инфекция коркунучун минималдаштыруу үчүн балдар үйдө болушу шарт;
• Бөлмөнү дайыма желдетип туруу зарыл, күнүнө жок дегенде 1 жолу дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү керек;
• Мүмкүн болсо ар кандай мекемелерге, коомдук тамактануу жайларына, соода, билим берүү жана көңүл ачуу борборлоруна, ошондой эле коомдук пайдалануунун башка жерлерге барууну жокко чыгарыңыз;
• Балдарга манжаларын оозуна салбоо, бетине жана мурунга тийбөө, көзүн сүртпөө керектигин түшүндүрүү зарыл, мунун бардыгы – инфекциянын жайылышына кошумча фактор;
• Балдарды жаш кезинен баштап жеке гигиена эрежелерин сактоого үйрөтүңүз. Сейилдөөдөн кийин ойноп, тамактанардын алдында жана дааратканадан кийин колуңузду самындап жууңуз. Кол кири инфекциянын же оорунун булагы болуп калышы мүмкүн экендигин балдарга түшүндүрүңүз.