6276498 30.06.2020 30 июня 2020. Президент РФ Владимир Путин и президент Белоруссии Александр Лукашенко на церемонии открытия Ржевского мемориала Советскому солдату. Григорий Сысоев / РИА Новости

Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко Санкт-Петербургга учуп кетти, ал жерде Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу  «Пул Первого» Телеграм   каналы билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары ар кандай тармактардагы кызматташтык маселелерин жана эл аралык маселелерди талкуулоону көздөп жатышканы маалым болду.

Президенттердин сүйлөшүүлөрү буга чейин боло тургандыгын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков тастыктады. Жолугушуу канчага созулаары жана кандайдыр бир документтерге кол коюла турганы жөнүндө маалымат жок.

Лукашенко менен Путиндин акыркы жолугушуусу 28-майда, Сочиде болгон.