438539 01.06.1971 Киргизские девушки в национальных костюмах. Киргизская ССР. Э. Вильчинский / РИА Новости

Акын Жумагүл Газыбаева  Охнанын кыздарына арнап ыр чыгарды. Ыр саптары  маектешүү иретинде келтирилген.

“Кайдансың, кайсы жерде төрөлгөнсүң,

Кайсы жерде жетилгенсиң, көгөргөнсүң?

Кайсы абадан дем алып, суусун ичип,

Кайсы элдин сиңиргенсиң жөрөлгөсүн?”

“Касиетүү Кадамжай өрөөнүңдө,

Киндик каным тамыптыр Охнага.

Уккансызбы, биздин айыл тууралуу,

А балким, болгондурсуз Охнада?”

“Кантип укпайм, Охнанын тарыхын,

Таза абасын, кашка, тунук сууларын.

Тамшанышып кеп кылышат көпчүлүк,

Таланты артык, акылга бай кыздарын.

Кыялдарга батып кээде балкыткан,

Жетеленип жан жыргаткан ойлорго.

Жаш жигиттер көп аракет кылчу эле,

Охнага күйөө бала болгонго.

Жетилгенде айланышып уздарга,

Жыпар жыттар сиңип өсөт кыздарга.

Оомат артып, кызын алсаң Охнанын,

Ой орундап, жашооң тунат жыргалга.

Жаш жигиттер тамшанышып, кыялкеч,

“Охнадан кыз алсак” деп самашчу.

Мөлтүр булак суусун ичкен кыздары

Мөөр сындуу чүрөктөр деп баалашчу.

Сергек келет Охнанын кыздары:

Сезе билген көп нерсени илгиртпей.

Канча оор иш түшсө да башына,

“Камырдан кыл сууруп” коёт билдиртпей.

Сулуулукка сергектиги айкашып,

Акыл-эстүү, өнөр, талант толтура.

Ак тилектен айтаар элем кыздарга:

Охнанын кыздарындай болгула”.

Маектешим сүйлөп жатты тамшана,

Угуп жаттым, уккан сайын таң кала.

Сыймыктандым, толкуп-таштым ичимен,

Сырттан токтоо, баш ийкедим жай гана.

Мактанбадым, жоопкерчилик күчөдү:

“Мен татыктуу болсом ушул сөздөргө”.

Элим менин, колдо алтынды баалайлы,

Эч убакта төмөндөбөй, бөксөрбөй.

Жумагүл Газыбаева.